Жаңылыктар
COVID-19: Түркиядан Кыргызстанга медициналык каражаттар жардам катары берилди
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Түркиядан Кыргызстанга медициналык каражаттар жардам катары берилди

Түрк Кызыл Ай Коому жана Түркиянын Самсун шаарынын мэриясынын кызматташтыгынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясына жана Кызыл-Ай Коомуна медициналык каражат жардамы көрсөтүлдү.

Бул алкакта Түрк Кызыл Айы тарабынан 50 миң даана FFP2 KN 95 беткап Кызыл Айга, Самсун мэриясы тарабынан 180 миң даана беткап Бишкек мэриясына таапшырылды. 30-ноябрында өткөн медициналык каражаттарды тапшыруу аземине ТИКАнын Кыргызстандагы Координатору Осман Уста, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Асел Чыныбаева жана Кыргызстан Кызыл Ай Коомунун директорунун орун басары Сабира Ибраимова катышты.

Түрк Кызыл Айы жана Самсун Мэриясынын кайрымдуу адамдары тарабынан көргөзүлгөн бул колдоо Кыргызстандын коронавируска каршы күрөшүүнү эң мыкты деңгээлде жургүзүүсүнө салым кошуу максатында ишке ашырылды. Бир туугандык мамилебиз түбөлүктүү болсун,- деп жазылат билдирүүдө.