Жаңылыктар
Нарында милиция кечки рейд уюштурулуп, 12 жашы жете элек өспүрүм аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында милиция кечки рейд уюштурулуп, 12 жашы жете элек өспүрүм аныкталды

Нарын  шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын шаарынын аймагында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, ырайымсыз мамилелердин жана өспүрүмдөрдүн кечки убактарда ата-энелердин коштоосу жок жүргөндөрдү аныктоо максатында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет. 

Алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө атайын кечки рейд уюштурулуп, рейд учурунда жалпы 12 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, бөлүмгө алынып келинип, ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаш өспүрүмдөр ата-энелерине тапшырылып берилди. 

Ошондой эле, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы балдар менен иштөө комиссияга чара көрүү максатында 1 материал жана тиешелүү мекемелерге сунуш каттар жиберилди. Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана көп балалуу 3  үй-бүлөгө Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерлери тарабынан кышкы жылуу кийим-кечек алынып берилди.