Жаңылыктар
Манас күнүн утурлай Тышкы иштер министрлигинде “Манас таануу” сабагы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Манас күнүн утурлай Тышкы иштер министрлигинде “Манас таануу” сабагы өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде “Манас таануу” лекциясы  өттү. Иш-чараны  КРнын ТИМдин расмий өкүлү - Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов ачып, иш-чаранын максаты тууралуу билдирүү жасап, демилгечи катары уюштуруп жаткан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ыраазычылык билдирип, бул демилге өз кезегинде жана максаттуу уюштурулуп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чара жаш манасчы Нурбек Талантбековдун катышуусу менен өттү.

Жаш манасчы лекциянын жүрүшүндө  эки тараптуу кызматташуу, эл аралык мамилелер жана “Манас” эпосунун  эл аралык мамилелердин орду жана ролу тууралуу кеңири айтып берди.

Эске салсак, аталаган иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен башталып, бардык мамлекеттик органдардан колдоо тапкан.

Бул саамалык 2020-жылдын 17-ноябрында башталып, учурда 25тен  ашуун мамлекеттик органдарда өттү. Учурда ушундай эле иш-чараны Маданият министрлиги аймактарда өткөрүүнү пландап жатат.