Жол инспекторлору унаалардын кышка карата даярдыгын текшерүүдө. Бул жолку рейд Чүй аймагынын Бишкек-Ош жолунда болду.
Башкы максат - айып салуу эмес, эреже сактоонун маанилүүлүгүн жеткирүү. Дал ушундай максат менен Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунан өткөн айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жол коопсуздугун караган адистер документ текшерип, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кошо унаанын техникалык абалына да көңүл бөлүп жатышат. Себеби кар түшкөнү менен айрым айдоочулар унаасын кышка даярдай элек. Андыктан коопсуздук үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, тайгакка туруштук берүүчү чынжырларды тагып жүрүү каралууда.
Айдоочулардын ден соолугу кабатырлантса посттогу медайым кан басымын, дене табын, текшерет. Адистер жолдогу эрежелерди так сактоодон тышкары, айдоочуларга жумушка чейин уйку режимин бузбоону сунушташат. Кантсе да, дал ушул уйку канбай жолго чыгуу көп кырсыкка себеп болууда.
Ал эми Жол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери жолдорду көк жылгаяктан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Биринчи жааган карда Бишкек-Ош жолуна 3 миң 365 тонна кум-туз аралашмасы себилди.