Кадамжай районунун Чаувай айылына жаңы трансформатор орнотулду. Буга чейин тоолуу айылдын жашоочулары электр энергиясынын кубаттуулугу аз болгонунан түйшүк тартып келишкен. Бул жылы Баткен облусу боюнча Ош электр ишканасы тарабынан жалпы 5 трансформатор алмаштырылып, күз-кыш мезгилдерине даярдыктар жүргөн.
500гө жакын керектөөчүнү тейлеген Чаувай көмөкчү чордонундагы трансформатор кубаттуулугу жогору жана жаңы трансформаторго алмаштырылды. Электр кызматкерлеринин айтымында калкты күз-кыш мезгилдеринде сапаттуу жана үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатыптыр. Мындан ары Чаувай айылынын тургундары электр энергиясы жагынан кемчиликтерге дуушар болбойт дешет.
Деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктиктеги тоолуу айылда кыш ызгаардуу келет. Мындан улам электр энергиясын пайдалануу көбөйүп, эски трансформатордун кубаттуулугу жетпей келген.
Жалпысынан Баткен облусу боюнча 5 трансформатор алмаштырылып, жарыктын кубаттуулугу жогорулатылды. Муну менен облустагы бардык керектөөчүлөргө сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү колго алынды. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл аткарылган иштер жемиштүү болгонун Ошэлектр ААКнын Баткен облусундагы өкүлү билдирди.
Деген менен калктын саны өсүп, жаңы конуштардагы электр чубалгылары жана тирөөчтөр талапка жооп бербейт. Буга байланыштуу кыш мезгилинде электр энергиясынын кубаттуулугу жетпей авариялык өчүрүүлөргө дуушар болот. Орнотулган көмөк чордондун жардамы менен кышкысын мындай маселе жаралбайт деген үмүт чоң.