Калкты тейлөөдөгү ыңгайсыздыктарды жоюу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды санариптештирүү демилгеси күчөтүлдү. Мындай пикирин Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров мамлекеттик санариптештирүү маселеси боюнча өткөн жыйында билдирди. Өкмөт мүчөсү санариптештирүү коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы экенин белгилеп, бул боюнча иштерди ыкчамдатууга бир катар тапшырмаларды берди.
Мамлекеттик каттоо кызматындагы бардык тейлөөлөр электрондук форматка өткөрүлгөн. Учурда «Санарип аймак» долбоору да жыйынтыкталып, жергиликтүү бийлик органдары да электрондук тейлөөгө толук өтүү алдында турат. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, үй-бүлө, салык, социалдык фонд жана үйдөгү мал жандыктар тууралуу бардык маалыматтар бирдиктүү базага киргизилет. Мындай аракеттер тармактагы паракорчулуктун алдын алып, ачык иш алып барууну камсыздайт.
«Түндүк» маалыматтык технологиясын ишке ашыруу менен билим берүү, саламаттыкты сактоо, пенсия, жөлөк пул жана акча которууларды ачык жана тез ишке ашырса болот. Бүгүнкү күндө “Түндүк” системасына 100дөн ашык мамлекеттик органдар жана башка уюмдар туташты. Аны менен 82 тейлөө кызматы электрондоштурулуп, 19 мамлекеттик ишканадан 68 иш кагазы электрондук негизде базадан берилет.
Өлкөнү санарипке өткөрүүдө «Түндүк», «Digital CASA-Кыргызстан» долбоорлору иштеп жатат. Келерки жылдан тарта мамлекеттик мекемелердин бирдиктүү Дата-борборунда эсептөө кубаттуулугун көтөрүүгө өбөлгө болчу «G-cloud» тутуму ишке кирет. Учурда дүйнө жүзүндө санариптик технологиялар кеңири колдонулгандыктан өлкөнүн маалымат, байланыш мүмкүнчүлүктөрү заман талабына шайкеш келиши керек. Санариптештирүүнү натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн мамлекет квалификациялуу IT-адистерге муктаж. Вице-премьер-министр жыйында калкты татыктуу тейлөө үчүн аймактардагы мүмкүнчүлүктөрдү тез арада кеңейтүүгө тапшырма берди.