Жаңылыктар
Эркиндикти эңсегендер...
Кыргызстан жаңылыктары
Эркиндикти эңсегендер...

Абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга берилген ырайымдын негизинде 230 адам биротоло бошотулса, 38 жарандын жаза өтө мөөнөтү кыскартылды. Темир тор артында, бир канча жыл бою эркиндикти эңсеген үч аял ырайымга туш болду. Эркиндиги эртелеген аялдар түзөтүү мекемесинен бүгүн чыгарылды.

Эки жылдан бери абакта жаткан апасын алып кетүүгө Александра таң азандан эле келген. Апасынын эркиндикке чыгаарын чыдамсыздык менен күтүп жаткан кызга, кыштын ызгаары да сезилген жок.

Саат санап, үзүлбөгөн үмүттөр. Акыры азаттыктын күнү келип, оор күндөр артта калды. Эне жытына зар болгон кызы менен, баласын сагынган эненин жолугушуусу акыры орундалды.

Натальянын сөзүндө, өткөн чакты кайтара албаган өкүнүү бар. Кырсыкты кайдан деп болбойт, шайтан азгырып бир тааныштарына жолугууга бара калам деп, анын арты менен абакка кесилген. 5 жылга эркинен ажыратылып, мөөнөтүнүн жарымын өтөп бүткөн. Муздак дубалдар арасында жан чыдагыс оору менен алышып, залалдуу шишик дартына чалдыкканын билгенден кийин, ырайым алууга өтүнүч менен кайрылып, бактыга жараша жеңилдик берилди деген жооп келген. 

Бейбаштык беренеси боюнча соттолгон Матлюба Кулматова туура 3 жыл 10 күн жабык жайда отурду. Адам өмүрүнө коркунуч алып келген, оор кылмыш жасаса дагы, берилген ырайымга туш келди. Бүгүн №2-түзөтүү мекемесинен 3 аял боштондукка чыкты.Ал эми ырайым берүү башталгандан бери баардыгы болуп 15 жаран эркиндике чыгарылды. 

Кайрадан коомчулукка аралашып, турмуштан ордун таап кетүүгө далатат кылышсын деген максатта, мамлекет абактан 230 жаранды жаза өтөөдөн биротоло бошотсо, дагы 38 жаранга жаза өтө мөөнөтүн кыскартуу чарасын көрдү. Садыр Жапаровдун демилгеси менен берилген ырайым биринчилерден болуп, жашы жете элек өспүрүмдөргө, аялдарга, ден соолугунан жабыркагандарга жана жеңил кылмыштар менен жаза өтөп жаткандарга берилди.