Тарыхый өңүттөн алганда орус тили кыргыз маданиятынын жана билим берүү тутумунун калыптанышында маанилүү ролду ойногон. Дал ушул орус тили аркылуу кыргыздар дүйнөнү таанып же тескерисинче, дүйнө кыргыздарды тааныган.
Мунун эң сонун мисалы - Чыңгыз Айтматовдун улуу чыгармалары. Бул жөнүндө президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоодо жаралган расмий тилдин макамы тууралуу маселеге токтолгон билдирүүсүндө белгилеген.
Мындан туура жыйырма жыл мурда Кыргызстанда расмий тил тууралуу мыйзам кабыл алынып, орус тилине расмий макамы берилген. Андан үч жыл өткөн соң расмий тилдин макамы Баш мыйзамга киргизилген. Орус тили бүгүн улуттар аралык баарлашуунун, достук алканы орнотуудагы интеграциянын тили.
Орус тили мамлекеттик тил менен эриш-аркак келе жатат. Кыргызстанда эч ким расмий тилди билбегени үчүн же мамлекеттик тилде сүйлөбөгөнү үчүн кодуланбайт. Эки тил эгемен республика үчүн куштун эки канатындай. Бирок буга карабастан, учурда жүрүп жаткан Баш мыйзамды талкуулоо учурунда расмий тил тууралуу да ар кандай кептер айтылууда. Жаңы Конституциядан орус тилинин макамы жөнүндөгү беренени алып салуу сунушу айтылды. Бирок талкуулардан соң орус тили расмий тил катары макамы калтырылды.
Кыргызстан Россия мамлекети менен стратегиялык өнөктөш катары кызматташат. Бирок орус тилин жалгыз Россияга байлап болбойт. Жетимиш жыл бир туу алдында жашаган мурдагы советтик өлкөлөр менен кызматташуунун орток тили дал ушул орус тили. Бул мамлекеттер менен биздин өлкө соода экономикалык, илимий техникалык, коопсуздук, маданий гуманитардык байланыш жүргүзөт.
Биздин негизги милдет - өлкөдө жашаган бардык этностордун тилдерин сактоо менен, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилдин толук масштабдуу иштешин камсыз кылган, өз эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын жаңы көп тилдүү муунун калыптандырууну камсыз кылуучу натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү экендигин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тил маселесине токтолгон билдирүүсүндө белгилеген.
Ал Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнүн кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин расмий тил катары бекитүү чечимин кубаттай турганын айткан.мүчөлөрүнүн кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин расмий тил катары бекитүү чечимин кубаттай турганын айткан.