Жаңы даярдалып жаткан Баш мыйзамдын долбоорунда “адамдын ар-намысына шек келтирүү кылмыш катары каралбайт” деген ченем камтылууда. Муну Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү сөз эркиндигин коргоо максаты менен түшүндүрдү. Дал ушул жагдай талкуунун өзөгүнө айланды. Мындан тышкары шайлоо системасына байланыштуу да сунуштар айтылууда.
Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда буга чейин “Адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталаары” белгиленген. Бул сөз эркиндигине байланыштуу талкууларды жараткан эле. Натыйжада Конституциялык кеңешме аны өзгөрттү.
Бирок кылмыш жоопкерчилиги белгиленбегени менен айып пул салуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал атайын мыйзам менен жөнгө салынат. Себеби эркиндикти жоопкерчилик коштоп жүрүшү керек.
Өлкөнүн башкаруу формасы, шайлоо системасы тууралуу ар кандай пикирлер Конституциялык кеңешменин алгачкы отурумунан бери токтобой айтылып келатат.
Конституциялык кеңешме 10 күндөн бери үч топко бөлүнүп иш алып барууда. Анын мүчөлөрү Баш мыйзамды кабыл алуунун жол жоболоруна кийлигишпейт. Мазмунун гана иштеп чыгат. Кеңештин мүчөлөрү башка тараптардан да сунуштаркабыл алынаарын билдирип жатышат.