Жаңылыктар
Октябрь району боюнча салык органы жарандарды штаттык режимде кабыл алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрь району боюнча салык органы жарандарды штаттык режимде кабыл алууда

Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгы 29-ноябрь күнү эртен менен күзөтчү отурган жерде (будкада) чыккан өрткө карабастан салык төлөөчүлөрдү штаттык режимде кабыл алууда.

Белгилей кетсек, өрт. Салык кызматынын имараты, анын ичинде кабинеттери, "Бирдиктүү терезе" жайы, ошондой эле иш техника жана документтер зыянга учураган эмес. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби тиешелүү органдар тарабынан териштирилүүдө.