Кыргызстанда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды. Бул иш-чара Юстиция министрлиги менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор тарабынан уюштурулду.
Декаданын негизги максаты - калктын аялуу катмарынын укуктук жактан коргоо деңгээлин жогорулатуу, элге укуктук жардам көрсөтүп, укуктук сабатын жакшыртуу, сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндигин ишке ашырууга көмөктөшүү.Ошол эле учурда декада 10-декабрда белгиленүүчү Адам укугунун күнүнө арналат.
Декаданын программасы, акысыз укуктук-кеңеш жардам көрсөтүүчү борборлордун жана аймактык юстиция башкармалыктарынын даректери Юстиция министрлигинин расмий сайтында, Facebook баракчасында жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун сайтында, Facebook баракчасында жеткиликтүү. Декада тууралуу кызыктырган суроолорго жооп алуу үчүн 0312) 62-62-10 же 201, 200, 198, 209, 202, 206 кыска номерлери аркылуу байланышса болот.