Улуттук онкология жана гематология борборунда көкүрөк бездеринен жана жатын моюнчасынын шишик дартына кабылган аялдарга кеп-кеңеш берүүчү борбор негизделди.
Борбор ооруга чалдыккан аялдардын жашоосун жеңилдетип, аларга сапаттуу жана жеткиликтүү дарыланууга шарт түзүү, эрте аныкталган рак илдетин айыктырууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү максатында ишке кирүүдө. Былтыр Кыргызстанда көкүрөк бездеринин өсмөсүнө чалдыккан 624, жатын шишигине кабылган 408 аял катталган. 2-декабрдан тартып көкүрөк бездеринин жана жатындын өсмөсүн аныктоо максатында көчмө маммограф иштей баштайт.
Санариптик көчмө маммограф Чүйдүн Кемин районунда 40 жаштан жогорку курактагы аялдардын көкүрөк бездерин жана жатын моюнчасын санариптик негизде текшерип берет. Санариптик маммограф аялдардагы ооруларды аныктап, маалыматты Саламаттык сактоо министрлигине, Улуттук онкология жана гематология борборуна интернет аркылуу жиберип турат. Натыйжада аялдардын ден соолугуна байланыштуу маалымат базасы да топтолот.