Жаңылыктар
Пандемиядан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо программаларына өзгөртүү киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Пандемиядан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо программаларына өзгөртүү киргизилди

Быйыл ВИЧ-СПИДге каршы эл аралык күн Кыргызстанда “Глобалдык тилектештик, жалпы жоопкерчилик” деген жалпы ураандын алдында өтөт. Коронавирус пандемиясынан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча бардык программаларга да өзгөртүү киргизилди. 

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына караганда, быйылкы иш-чаралардын баары онлайн форматта өтөт. ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо, ВИЧ менен жашаган адамдарга байланыштуу программалар тууралуу сөз болуп, маалымат каражаттарынын, блогерлердин жана дарыгерлердин арасында жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылат. 

Ушул айда Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9 миң 647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер. Ооруга кабылгандардын 2 миң 527си каза болгон. ВИЧке кабылгандардын 64 пайызы эркектер, 36 пайызын аялдар түзөт.