Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 380 адамдан табылып, оорудан беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте - 137 киши, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 79, Ош облусунда - 18, Талас облусунда - 19, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 38, Жалал-Абад облусунда - 48, Баткен облусунда 27 адам коронавирус жуктуруп алды.Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 360 адам айыгып чыккан. Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 2 миң 833 бейтап, үй шартында 3 миң 772 киши дарыланууда.
Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 45и канааттандырарлык абалда, 1 миң 942 киши - орточо оор, 733 адам - оор жана 113 киши өтө оор абалда. Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча17 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Ошол эле учурда үй карантининен 6 дарыгер чыгарылды. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 910 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 599 медкызматкер айыгып чыкты.