Москва шаарында “Табарман” бизнес форуму өттү. Иш-чарага Россиянын жана Кыргызстандын ишкер коомчулугунун, КМШ Экономикалык Кеңешинин Экономикалык маселелер боюнча комиссиянын, КМШ Каржы-банк кеңешинин өкүлдөрү жана Россиянын борбор шаарында эмгектенген мекендештер катышты. Форумда атайын эмгек мигранттары үчүн иштелип чыккан уникалдуу долбоорлор көрсөтүлдү.