Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-ноябрь күнү саат 23:47де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
30-ноябрь күнү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.