Жаңылыктар
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин иштөө графиги өзгөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин иштөө графиги өзгөрүлдү

2020-жылдын 1-декабрынан тарта "РИОМ" унаа базарында жайгашкан "Унаа" ММнин аймактар аралык секторунда жаңы иштөө графиги түзүлөт. 

Эми иш күндөрү: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, ишемби, жекшемби жана дем алыш күндөрү: бейшемби жана жума. Жумуш убактысы ошол бойдон - саат 8:30дан 17:30га чейин, тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу МККнын пресс-кызматы билдирди. 

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин борбордук аппаратынын жана жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калды. Жумуш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин, дем алыш күндөрү - ишемби жана жекшемби.