Жаңылыктар
Өлкө аймактарындагы музыкалык мектептерге музыкалык аспаптар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймактарындагы музыкалык мектептерге музыкалык аспаптар тапшырылды

П. Шубин атындагы Борбордук балдардын музыкалык мектебинде өлкөнүн аймактык музыкалык мектептерине музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи өттү.

Тапшыруу аземи Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэндин катышуусу менен өттү. Аспаптар акысыз техникалык грант жөнүндө келишимдин негизинде берилип, мектептин жетекчилерине тапшырылды.

Министр Нуржигит Кадырбеков өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана Элчи Ду Дэвэн айымга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы маданий- гуманитардык байланыш эки өлкөнү мындан да жакындатаарын айтып, келечекте кызматташуунун жогорку деңгээлинде иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.Ал эми, Элчи Ду Дэвэнь айым, өз сөзүндө кытай тарап мындан ары маданий кызматташтык уланаарын айтып, дүйнө жүзүндө пандемия токтогон соң бир катар биргелешкен иш- чараларды өткөрөөрүн билдирди.

Эске салсак, аймактарга бөлүнгөн аспаптардын жалпы суммасы жалпы 2 млн. 407 миң сомду түздү. Алар, пианин, аккардеон, кларнет, флейта, труба, прима кыяк, виолончель, скрипка, саксафон жана гитаралардан турат.