Жаңылыктар
Баткенде «Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта» иш-чарасы башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде «Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта» иш-чарасы башталат

Баткен облусунда «Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта» иш-чарасы башталат. Бул тууралуу облус жетекчилигине шилтеме берип Турмуш басылмасы жазды. Маалыматка караганда, иш-чара 2020-жылдын 1-декабрынан башталып, илдет азайганга чейин жүргүзүлөт. Бул боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун буйругу чыкты. 

Таажы вирусу негизинен жашы улгайган жана өнөкөт ооруулары бар жарандар үчүн абдан кооптуу. Коронавирустан улам каза болгондордун көпчүлүгү 60 жаштан ашкан бейтаптар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун корутундусуна караганда, 65 жаштан өткөн жарандар вируска чалдыкса 15% өлүмгө дуушар болууда. Кыш мезгилинде өнөкөт ооруулардын жана мезгилдик жугуштуу ооруулардын күчөшүнө байланыштуу 60 жаштан ашкандар коомдук жайларга, базарларга, эл көп жыйылган иш-чараларга барбай, үйдөн чыкпай, санитардык нормаларды сактоосу керек. Бирок улгайган жарандарды кооптуу илдеттен сактоодо жаштардын жоопкерчилиги өтө чоң. Анткени улгайгандар санитардык нормаларды сактаган менен аларга уул-кыздары аркылуу илдетти жугузуп койгон учурлары көп катталууда.

Алдыда «Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта» аттуу иш-чаранын алкагында, окуучулар, студенттер, жалпы эле жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акция, флешмоб жана ММКдан атайын берүүлөр уюштурулат.