"118" сall-борбору жарандарга күн сайын COVID-19 боюнча кеп-кеңештерди берип, өз ишин улантууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тарта коронавирус боюнча жарандарга кеңеш берүү үчүн Бишкекте "118" ыкчам кызматы иштей баштаган.
11-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында 7 call-борбор ачылып, иш алып барууда. Call-борборлор күн сайын эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт.
Ар бир call-борбордо 4 оператор нөөмөт менен иштейт: 2 окутулган үй-бүлөлүк дарыгер-ординатор жана 2 медайым бар.