Жаңылыктар
Артем Новиков "Чалдовар" пунктунун ишин сынга алды
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиков "Чалдовар" пунктунун ишин сынга алды

Товарлардын толук эсебин камсыз кылуу үчүн «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат тутумун түзүү керек. Мындай пикирди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Чалдовар» өткөрүү пунктуна барганда билдирди.

 «Бүгүнкү күндө Өкмөттүн негизги милдети болуп бирдиктүү салык, бажы, чек ара жана салмак-габарит тутумун түзүү болуп саналат”, деди Новиков. Ошондой эле көзөмөл-өткөрүү жайын карап чыгып, айрым кызматтардын ишине нааразылыгын билдирди. Новиковдун айтымында, ушул убакка чейин даярдалган чаралардын бири да иштебей жатат. Тагыраагы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча тапшырма берилген. 

“Бирок жабдуулар орнотула элек электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат», - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу. 

Бизге маалым болгондой, тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле, премьер-министрдин милдетин аткаруучу жакынкы күндөрү өткөрүү пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшермекчи.


“Бүгүнкү күндө Өкмөттүн негизги милдети болуп бирдиктүү салык, бажы, чек ара жана салмак-габарит тутумун түзүү болуп саналат. Тагыраак айтканда, тегиз эсепке алуу боюнча бирдиктүү тутуму түзүлүшү керек. Мунун негизинде биз бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык кирешелерди эсепке алууну гана түзбөстөн, ири импортерлорго тең атаандаштыкты камсыз кылуу менен ички рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзө алабыз” -деди Новиков.