Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Кайыңды-Кант» заводуна барып, өндүрүштүк аянттар жана кайра иштетүүчү сырьену кабыл алуу процесси менен таанышты. Артем Новиков белгилегендей, Өкмөт кант кызылчасы тармагындагы баанын түзүлүшү маселесин көзөмөлгө алат, мында бардык баскычтарда сырьего жана жыйынтык товарга карата негиздүү жана акыйкат баалар орнотулушу керек.
Келерки жылы дыйкандар жана ишканалар ортосундагы кант кызылчасын сатып алуу келишими боюнча накталай акча менен төлөө үлүшүн жогорулатуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле заводдор тарабынан аларга жогорулатылган коэффициент менен 100% даяр продукция аркылуу кайтарып берүү альтернативдик келишими сунушталат.
Премьер-министрдин м.а. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга жакынкы арада Өкмөттүн кароосуна тийиштүү сунуштарды даярдап, киргизүүнү тапшырды. Айта кетсек, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 4 миң тоннаны түзөт, ал жылына 450 миң тонна кызылчаны кайра иштетип, 65 миң тонна кант өндүрөт.
Кызылчаны кабыл алуу жана сактоо үчүн тийиштүү өндүрүш инфраструктурасы бар, сырье 8 пунктта кабыл алынат. Заводдун жалпы өндүрүштүк аянты 138,5 гектар.
«Өз кезегинде кайра иштетүүчүлөр да дыйкандар өстүрүлгөн продукциясын пайдалуу баада сатып, күтүлгөн пайда табуусуна кам көрүшү керек. Түшүм жыйноо учурунда кызылчанын баасын төмөндөтүүгө жол берилбеши кажет. Жалаң гана Өкмөт эмес, кайра иштетүүчүлөр да сырье жана иш менен камсыз кылып жаткан дыйкандар тууралуу ойлошу керек. Биз мындан ары карай дагы сиздердин ишмердүүлүккө толук колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдөбүз. Алсак, кол коюлган буйрукка ылайык, темир жол тарифтеринин коюуму 2016-жылдын деңгээлинде орнотулуп, 20% өлчөмдө кошумчаланган» - деп билдирди Новиков.