Жаңылыктар
Талант Мамытов парламенттер аралык ассамблея кеңешинин жыйынына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов парламенттер аралык ассамблея кеңешинин жыйынына катышты


Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин онлайн-конференциясына катышты.

Онлайн жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин парламенттик делегация башчылары, КМШнын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. КМШ Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин жыйынында экономикалык интеграциянын абалы, келечеги жана аны укуктук-ченемдик камсыздоо, COVID-19 пандемиясына байланыштуу КМШга мүчө мамлекеттерде кабыл алынган мыйзамдык чаралар, 2021-жылы КМШга мүчө өлкөлөрдө өтүүчү шайлоолорго байкоо салуу өнөктүгүнө даярдык көрүү маселелери каралды. Өз кезегинде президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ушул жылдын октябрь айында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата коомчулуктун нааразычылыгына байланыштуу болуп өткөн окуялар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык жараяндар мыйзам жолунда кетип жатканын белгилеп, Жогорку Кеңештин төрагасы, мамлекеттик бийлик институттарынын иши токтотулбастан, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү менен калктын жашоосун жакшыртуу аракети улантылып жатканын кошумчалады.