Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 423 адамдан табылып, 6 жаран каза болду. Оорудан кайтыш болгондор Бишкек, Чүй, Нарын, Ош облустарынын тургундары. Жалпы өлкө боюнча 1 миң 262 жаран каза тапты.
Республикалык штабдан билдиришкендей ооруга эң көп чалдыккандар Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын тургундары болууда. Бишкекте - 130, Ош шаары - 16, Чүй облусу – 102, Ош облусу - 35, Талас облусу - 17, Нарын облусу - 11, Ысык-Көл облусу – 33, Жалал-Абад облусу – 50, Баткен облусунда - 29 адам илдетке кабылды.
Ал эми акыркы бир күндө 461 адам сакайды. Өлкөдө жалпы 71 миң 971 адам коронавируска кабылса, 63 миң 407 киши айыкты. Азыркы тапта стационарда 2 миң 869 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 662 бейтап дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 879 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 587 медкызматкер сакайды.