Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди. Алар Кыргызстандагы лабораторияларда эмгектенген кесиптештери менен коронавирусту аныктоо ыкмалары менен бөлүшөт. Мындан сырткары Россиялык дарыгерлердин тобу онлайн жана оффлайн окутууларды жүргүзүп жатат.