Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Евробиримдиктин Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттиги ВИЧ илдетин аныктоочу тесттерди көбөйтүүгө чакырды.
Мындай муктаждыкты аталган уюмдар Борбор Азия, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жана Орусияда вирус жугузуп алгандар өз оорусу жөнүндө абдан кеч билип жатканы менен түшүндүргөн. Вирусту жугузуп алуунун кеч аныкталышы оорулууларды дарылоонун кечигишин жана илдеттин башка адамдарга таралышын шарттап жатат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Евробиримдиктин Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттиги 26-ноябрда тараткан баяндамада 2019-жылы дүйнөнүн 53 өлкөсүндө 136 миңден ашык адамдан вирус аныкталганы айтылган. Анын 80%га жакыны Чыгыш Европаны, Борбор Азияны жана Орусияны камтыган ДССУнун чыгыш бөлүмдөрүнө туура келери белгиленген.
Бул аймактарда соңку он жылда вирус жугузган адамдар 19% көбөйгөн. Баяндамада ВИЧ табылган адамдардын жарымынан ашыгы инфекция өтүшүп, адамдын иммунитети абдан начарлап кеткен учурда ооруга чалдыкканын билгени коркунучтуу абал катары көрсөтүлгөн. ВИЧ-СПИДге каршы дүйнөлүк чараларды тескеген ЮНЭЙДС уюмунун маалыматы боюнча, 2019-жылы дүйнөдө ВИЧ жугузган 38 миллиондой адам катталган. Анын 26 миллиондон ашыгынын дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар.