Кыргызстанда пандемия маалында үй- бүлөдөгү зомбулук фактысы 30 пайызга өскөн. Мындай маалымат Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин баяндамасында көрсөтүлдү.
Анда 10 айдын жыйынтыгында 7,5 миң аял жардам сурап кайрылганы белгиленип, 300 факты Жоруктар жана кылмыштарды каттоо реестрине катталганы маалымдалды.