Курманбек Дыйканбаев Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.
Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.