Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2020-жылдын 27-ноябрь күнү саат 11:59да, Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб айылында 3 баллга чейин, Жай-Терек, Оогон-Талаа, Гүмкана айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.