Жаңылыктар
Курманбек Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Курманбек Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин бөгөт чарасы келерки жылдын 24-январына чейин деп аныкталды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. 

Дыйканбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалат. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек боюнча кармалганын атайын кызмат 24-ноябрда кабарлаган. УКМК Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо учурунда "саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, коркутуп, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган" деп шек саналууда. 

Атайын кызмат Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгонун, ага карата териштирүү Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен жүрүп жатканын билдирген.