Жаңылыктар
Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

Президенттин милдетин аткаруучу, төрага Талант Мамытовдун жетекчилиги менен Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Төрага Талант Мамытов ата мекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн инновациялык ыкмаларды пайдалануу аркылуу өлкөнү алдыга жылдыруу зарылчылыгын белгилеп, "Чындыгында көптөгөн мекендештерибиздин экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу бизнес идеялары жана жакшы программалары бар. Бирок, тилекке каршы келечектүү долбоорлорго карата мамлекет тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлбөйт. Аталган көйгөйдү чечүү максатында мамлекетти өнүктүрүүгө арналган долбоорлорду талкуулоо үчүн ушул аянтчаны пайдаланууну сунуштайм", - деди.

Талкуу маалында бир катар маселелер каралып, анын ичинен Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун учурдагы абалы жана аны ишке ашыруу варианттары тууралуу сөз болду. Муну менен катар жыйында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү долбоору тартууланды.

"Кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Сыргак Кенжебаевдин айтуусунда, дыйкандар органикалык жер иштетүү ыкмасына өтүп, таза азыктарды өндүрсө бир гектар жерден бир миллион сомдон ашык каражат табууга шарт түзүлөт.