Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн төмөндөөсү аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн төмөндөөсү аныкталды

Европа өнүктүрүү банкынын эсептөөсүнө караганда, быйыл Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн төмөндөөсү 7,5% болот. Банктын 2021-жылга карата макроэкономикалык божомолунда Беларуста төмөндөөнүн деңгээли 1,5%, Казакстанда 3%, Орусияда 4%, ал эми Арменияда 6,4% болот деп көрсөтүлдү. Кризиске каршы чаралар быйыл Казакстанда жана Орусияда көбүрөөк көрүлгөнү, Кыргызстанда мамлекеттик колдоонун көлөмү салыштырмалуу азыраак экени белгиленди.

Ал эми экономиканын өсүү деңгээли 2021-жылы 3,7% болору болжолдонууда.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө 163 млрд 26 млн сом каралган. Ал эми чыгаша бөлүгү 170 млрд 64 млн сом болору болжолдонууда. Ага ылайык, бюджеттеги таңсыктык 7 млрд сомго жетет.