Улуттук банк кечээ сатыкка дагы 5,8 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында тогузунчу, ал эми жыл башынан бери 24-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 410,55 миллион доллардан ашуун каражат коюлду.
Бүгүн, 27-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84 сом 79 тыйын деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84 сом 90 тыйын болууда. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандап, 73 сомго түшкөн.
Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын куну 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап жатат. Орус рублинин бүгүнкүгө расмий курсу 1 сом 11 тыйын деп аныкталды.