Жаңылыктар
Кара-Балта шаардык мэриясынын бюджетинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Балта шаардык мэриясынын бюджетинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Кара-Балта шаардык мэриясынын бюджетинде 2018-2019-жылдары 19 миллион сом өлчөмүндөгү финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында Эсеп палатасынын аудитордук отчетунда жазылган. Маалыматка ылайык, аудиттер мэриянын эки жылдык бюджетинин аткарылышын текшергенде 19 миллион 12 миң сомдун дайыны чыкпай калган.

"Аталган сумманын 18 миллион 674 миң 400 сому эмгек акыны негизсиз төлөп берүүгө жумшалган. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатып 151 миң 200 сом коротулса, 160 миң 200 сом максатсыз пайдаланылган. Ушул жана башка каржылык бузуулар аныкталды", — деп көрсөтүлгөн отчетто. Аудиттердин материалдары юридикалык баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү белгиленет.