Мамэкотехинспекциянын Кара-Көл, Таш-Көмүр, Чолпон-Ата, Балыкчы, Кара-Балта шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Жайыл, Панфилов, Токтогул, Тоң жана Ысык-Көл райондору боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 20-25-ноябрыларынан Токтогул суу сактагычында жана Чүй өрөнүндө Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын сакталышы боюнча жана жаныбарлар дүйнөсүн, балык запастарын коргоо максатында, браконьерчиликке каршы ыкчам рейд иш-чаралары жүргүзүлдү.
Рейд учурунда Токтогул суу сактагычынын көл үстүнөн 2050 метрди түзгөн балык кармоо үчүн салынган синтетикалык торлору алынып жана жок кылынды. Ошондой эле 3 (үч) жаранга мыйзамсыз балык уулоо үчүн 3000 сом айып, 3535 сомдук доо коюлду.
Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүн текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүнүн натыйжасында катуу тиричилик калдыктарын сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 23000 сом айып салынып, өндүрүлдү.
Ал эми, азыркы учурда Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан мыйзамсыз анчылыкка каршы күрөшүү максатында Чүй жана Жалал-Абад облустарында рейд жүргүзүлүдө. Рейд учурунда шектүүлөр кармалып тийиштүү уруксат текшерилип, Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптары бузуу учурлар болсо, инспекторлор тарабынан тийиштүү чаралары көрүлөт.
Ошону менен бирге, Мамэкотехинспекция, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана балык корлоруна мыйзамсыз браконьерчелик кылууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жазага тартыларын эскертет жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырат.