Жаңылыктар
Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус 377 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус 377 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 377 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгондордун төртөө Бишкектен, бирөө Нарын облусунан.

Ошол эле учурда 402 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 875 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 698 бейтап дарыланууда. 

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкеринен вирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 865 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 576 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирди штаб. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 548 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 62 миң 946 киши айыгып чыкса, 1 миң 256 адам каза болду.