Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу шаардыктарга кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында 10-декабрда борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык балатынын гана оттору жанат. «Былтыркы жасалгалар менен символдуу түрдө аянтка балаты орнотобуз, отун жандырабыз. Бирок Жаңы жылдык концерт болбойт жана салют атылбайт. Буга 4 млн сомдой каражат керектелет.
Учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал ашыкча чыгымга жол бербейт», - деди ал. Мэрдин милдетин аткаруучу шаардыктарды бул чечимге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. 2019-жылы баш калааны жаңы жылдык майрамдарга карата кооздоого шаардык бюджеттен 6 миллион 800 миң сом, 2018-жылы 5 миллион сом сарпталган.