Жаңылыктар
Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди
Кыргызстан жаңылыктары
Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди

Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Алар Кыргызстанда лабораторияларында COVID-19ду аныктоого жардам беришет. Германиялык дарыгерлер Кыргызстанда 30-ноябрга чейин болушат. Министрликтин маалыматы боюнча, эксперт-дарыгерлердин катарында Берлиндеги Шарите клиникасынын Медициналык университетинин, Е.И.Марциновский атындагы медициналык паразитология, тропикалык оорулар институтунун, Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун өкүлдөрү бар. Германиялык дарыгерлер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуп, Саламаттык сактоо министрлигине 150 миң ПЧР-тест өткөрүп беришти.