Жаңылыктар
ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Милициянын башкы милдети - иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана элдин ишенимин актоо болушу керек. 

Мындай пикирди ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйынында кеңештин төрагасы Ялкун Даутов билдирди. Ал өз сөзүндө милициянын иши коомчулуктун катуу көзөмөлүндө экенин айтып, кызматкерлерди ар дайым ачык иштөөгө чакырды. 

Ошондой эле, укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо улантыларын айтты. Жыйында министрликтин каржы чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын улуттук бюросунун иши жөнүндө маалыматтар берилди.