Конституциялык кеңешмедеги 3 секциянын мүчөлөрү онлайн жыйын өткөрүп, аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришти.
Бул бөлүмдөгү адистер коомчулукта кызуу талкууланып жаткан президенттин макамы жана орду, курултай институту коомдук же саясий уюм болобу, премьер-министр кызматын жоюу жана башка маселелерди талкуулоонун үстүндө. Катышуучулар коомчулук жана бейөкмөт уюмдар тарабынан көптөгөн сунуштар келип, алардын пикирине дагы орун берилип жатканын билдирди.
Адистер жаңы долбоор дыкаттык менен каралып жатканын, азырынча бышып жетиле электигин белгилешти. Илимпоз жана адистерден куралган топ жаңы баш мыйзам жөнөкөй адамдарга дагы жеткиликтүү болгудай мамлекеттик жана расмий тилде түшүнүктүү жазылып жатканын айтышты.