Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде титулун ийгиликтүү коргогондугу менен куттуктады.
«Өлкөнүн жалпы эли сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, мушташты башынан аягына чейин толкундануу менен көрүштү. Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана профессионал спорттук карьераңызда жаңы-жаңы жеңиштерди каалайм», — деген Мамытов.
Эскерте кетсек, 22-ноябрда Лас-Вегаста өткөн UFC мелдешинде Валентина Шевченко чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калды. Ал эми анын эжеси Антонина Шевченко UFC мелдешинин алкагындагы үчүнчү жеңишине жетишти.