Жаңылыктар
Кино тармагынын өкүлдөрү кинотеатрларды ачуу талабы менен бийликке кайрылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кино тармагынын өкүлдөрү кинотеатрларды ачуу талабы менен бийликке кайрылышты

Бишкекте Киномотографтар бирикмесинин мүчөлөрү, режиссёрлор, продюссерлер жана башка кино тармагынын өкүлдөрү кинотеатрларды ачуу талабы менен бийликке кайрылуу жасашты. 

Алар кино тармагы экономиканын маанилүү бир бөлүгү экенин айтып, бардык санитардык эрежелерди сактоо менен иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. Продюсер, режиссёр Айбек Дайырбековдун айтымында жылына бул тармакта жарым миллиард сом көлөмүндөгү акча каражаты айланат. Жалпысынан 50 киностудия болсо, алардын отузу активдүү иштеп келет. 

Жыл сайын үч миллион көрөрмандар кинотеатрларга барат. Өлкөдө кинотеатрлар сегиз айдан бери жабык турат. Пандемия шартына карабай, кошуна өлкөлөрдө кинотеатрлар ачылып, айрым чет элдик кинофестивалдар өтүп жатат дешет.