Жаңылыктар
Токмок шаардык ооруканасын капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаардык ооруканасын капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди

Токмок шаардык ооруканасын капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Мекеме 216 орунга эсептелип, ремонтко 45 млн 700 миң сом сарпталды. 

Имараттын чатыры, электр тутуму алмаштырылып, ички, тышкы суу түтүктөрү менен канализациясы кайрадан жасалды. Саркынды суу чогултуучу жай орнотулуп, жабдыктар коюлду. Оорукананын ачылыш аземине вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева катышып, COVID-19 пандемиясы маалындагы дарыгерлердин, ыктыярчылардын эмгегине ыраазычылык билдирди. 

Медициналык мекемелердин жетекчилерине кызыл зонада иштеген дарыгерлерди дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары жана бет каптар менен камсыз кылуу зарылдыгын айтты. Токмок шаардык ооруканасынын аймактагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү өзгөчө ордун белгиледи.