Жаңылыктар
Инвесторду үркүтпөй, үмүтүн жандыр
Кыргызстан жаңылыктары
Инвесторду үркүтпөй, үмүтүн жандыр

Бир ай мурда болуп өткөн элдик толкундоо учурунда өлкөдөгү бир катар кен иштетүүчү компанияларга кол салынып, айрымдары ишин токтотууга мажбур болду. Таластагы Жер-Үй кени өрттөлдү. Кен тармагындагы башаламандыктан чет элдик кен казуучулар канча чыгым тартты азырынча белгисиз, бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Серепчилердин айтымында, инвесторлорго болгон мындай туура эмес мамиле Кыргызстандын беделин түшүрүп жатат. 

6-ноябрь күнү Таластагы Жер-Үй кенинин өндүрүштүк аймагына белгисиз адамдар уруксаатсыз кирип келип, жаалданган топ имаратка өрт коюп, кампа, кеңселери күйүп кеткен. Буга байланыштуу ишкана бардык жумуштарын токтотууга аргасыз болгон.

Өткөн айда Чаткал жана Ала-Бука районундагы алтын өндүргөн ишканалар дагы тоскоолдуктарга кабылды. Чет элдик компанияларга жоон топ адам барып, ишин токтотууну талап кылышкан. Тоо кен тармагы боюнча адистер мындай жат көрүнүштөр инвесторлорду үркүтөт деген пикирде.

Элдик толкундоонун кесепети биринчилерден болуп тоо-кен компанияларга тийди. Жергиликтүү тургундар чогулуп алып инвесторлорго тап берип, туура эмес мамилелер орун алды. Адистер алгач инвесторго шарт түзүлүп, жергиликтүү калк тоскоолдук жаратпаш үчүн жер казынасы боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилсе маселенин түйүнү чечилет деп эсептейт. Түшүндүрүү иштери толук жүрүп, келишимдер жергиликтүү элдин катышуусунда ачык-айрым өтсө, нааразычылык келип чыкпайт. 

Соңку окуяларда чет элдик компаниялар канча чыгым тартты белгисиз. Учурда атайын комиссия түзүлүп, иликтеп жатат. Укук коргоо органдары да иш алып барууда. Бул тармактын жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев инвесторлорду колдоо иштери жүрүп жатканын айтып, алардын Кыргызстандан чыгып кетели деген ойлору жок экенин билдирди. 

Жыргалбек Сагынбаев маалымат жыйында жер казыналары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилээрин билдирди. Айтымында, мыйзамга кен ишканаларында кызматкерлердин 90%ын жергиликтүү тургундар, 10%ын чет элдик жумушчулар түзүш керек деген өзгөртүүнү киргизүү пландалууда. Ошондой эле мыйзамда элдик керектөөдөгү товарлардын 80-85%ын Кыргызстанда сатып алуу каралган. Жергиликтүү элге канчалык көп жеңилдик каралып, ачык-айрым иш жүрсө, нааразычылык жаралбайт.