Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи өттү.
Жогорку даражалуу меймандын кортежи атчан эскорттун коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди. “Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстан менен Монголиянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, этно-жоокерлер катышып, килемдер төшөлгөн.
Мамлекет башчылары саламдашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катарды кыдырып чыгышты. Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты. Монголиянын Президенти ротага кайрылып: «Салам аскер!» деген саламдашуу сөзүн айтты.
Андан соң Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, мындан кийин Ардактуу кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр үчүн залга жөнөштү.
Буга чейин кабарлангандай, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму жана эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өтөт. Ошондой эле визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган жана эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух кечээ, 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапары менен келген.