26-октябрда 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер, техника илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик, Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун илимий жетекчиси Дүйшөн Маматканов дүйнө салды.
Ал 1934-жылдын 7-ноябрында Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган. Дүйшөн Маматкановдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн изилдөөлөр сууну көп жылдык жөнгө салуу, суу сактагычтардын көлөмүнүн чоңдугун, алардын эсептик тактыгы жана камсыздануусу иштелип чыккан, суу-чарбалык жана гидроэнергетикалык жабдыктар, алардын топтому үчүн оптималдуу параметрлерин, ГЭСтердин көп жылдык мөөнөттөгү суу сактагычтар менен болгон кепилдик колдонуу кубаттуулугун пайдалануу үчүн эсептөө графигин түзүп чыккан.
Ал Ысык-Көлдүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгечилердин бири. Анын башкаруусу менен Ысык-Көл жана Чүй аймактарындагы гидроэнергетикалык жана сугат жерлерин өнүктүрүү үчүн суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу илимий негиздери иштелип чыккан.
Дүйшөн Маматкановдун бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси бир туугандарынын, жердештеринин, коллективинин, элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.
Жапаров, Исаев, Калиева, Молдобекова, Новиков, Исмаилова, Касмамбетов, Ташиев жана башкалар.