Жаңылыктар
А.Исмаилова Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
А.Исмаилова Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Ош шаарында курулуп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты.

 Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери менен таанышты.

Белгилей кетсек, оорукананын башкы бөлүмдөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 100 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат.

Аталган оорукананын курулушун ноябрь айынын башына аяктоо пландаштырылган.

Оорукана 100 орундуу 3 бөлүмдөн турат. Ошондой эле, Ош шаардык инфекциялык ооруканасынын эски имараты дагы капиталдык оңдоодон өтүп жатат.