Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Вице-мэр кызматын буга чейин Алмаз Бакетаев ээлеп келген. Бакетаев эми мэрдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматына дайындалды. Ал эми Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болду.Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Азиз Суракматов кол койду.
Белгилей кетсек, Нариман Түлеев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.