Жаңылыктар
Ош облусунда лабораториялар ПЧР-анализин жүргүзүүгө жетишпей жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда лабораториялар ПЧР-анализин жүргүзүүгө жетишпей жатат

Ош облусунда лабораториялар ПЧР-анализин жүргүзүүгө жетишпей жатат. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди. 

Маалыматка ылайык, облустук администрацияга санитардык талаптарды күчтөндүрүү жана зарыл болгон учурда карантиндик чараларды киргизүү тапшырылды. Аймакта 12-октябрга карата 517 бейтап коронавирус инфекциясынан дарыланууда. Бүгүнкү күндө пневмониянын жаңы 64, коронавирустун 22 учуру аныкталды. Жаңы учурлардын көпчүлүгү Араван районунда. 

Ошондой эле аймакта тумоого чалдыккан дарыгерлердин саны арбыды. "Ошол себептен лабораторияларда ПЧР анализин өткөрүүгө жетишпей жатышат. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүлдү", деп айтылат маалыматта.