Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгында өткөн үч айдын тенденциясын улантып, салык жыйноо планын ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, сентябрь айында 7 млрд 64,4 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 117,1 папызды түзгөн же 1 млрд 31,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 609,5 млн сомго көбөйгөн.
Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында 55 млрд 55,2 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.
Салык кызматы октябрь айы, ошондой эле жалпы үстүбүздөгү жыл үчүн салыктарды толук көлөмдө жыйноо боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүүдө.